Кыргызстанда эртең да күн ысык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКөлдүн жээгиндеги балдар. Архив
Көлдүн жээгиндеги балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Эртең өлкө боюнча күн ычык болорун Кыргызгидромет билдирди. 

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Катуу жамгырда кол чатыр кармап бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: катуу жааган жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн
Бишкекте күн ачык болуп, абанын түнкү температурасы 20…22 градус, күндүз 34…36 градус жылуу болушу күтүлөт. 

Ош шаарында да жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 21…23 градус, күндүзгү жогорку температурасы 35…37 градуска чейин жетет.

Аптаптуу ысыктан кийин 28-июлда аба ырайы кескин өзгөрөт. Ага ылайык, 28-31-июль күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0