Иса Өмүркулов: күзүндө Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүРеферундумда шайлап жаткан адам. Архив
Реферундумда шайлап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фракция лидери референдумда өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилерин кошумчалады.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын күз айларында референдум (элдик добуш берүү) өткөрүү пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. 

Анын айтымында, референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жакынкы күндөрү коомдук талкууга коюлат. 

"Кудай буюрса кеч күздө референдум өткөрүүнү пландап жатабыз. Демилгени КСДП, "Республика-Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары көтөрүп чыкты. Долбоор коомдук талкууга коюлат", — деди Өмүркулов. 

Ал референдумда премьер-министрдин ыйгарым укуктары өзгөртүлөрүн кошумчалады. 

"Өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын бир аз күчтөп жатабыз. Мисалы, акимдерди дайындоо боюнча жана башка укуктары кеңейет", — деди депутат. 

Өмүркулов мындан сырткары, референдумга президенттик шайлоонун убактысы жана Жогорку Кеңештин тароосу боюнча маселе коюлбай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0