Кыргызстанда 2 миллион жаран интернет колдонот

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеп жаткан кыз. Архив
Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жүздөн ашуун мамлекет катышкан рейтингде Кыргызстан 106-орунду ээлеген.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Internet Live Stats онлайн статистикалык сайтынын интернет колдонуучулардын саны боюнча рейтингде Кыргызстан 106-орунда турат.

Интернеттеги сайттардын көптүгү боюнча Кыргызстан Орто Азия боюнча 3-орунда турат
Ал рейтингге ылайык, Кыргызстанда боюнча 2 миллион 76 миң 220 интернет колдонуучу бар. Бул деген Кыргызстандын 34,4 пайызын түзөт. Көрсөткүч боюнча Кыргызстандагы интернет колдонуучулар 2015-жылкага караганда 144 миң колдонуучуга көбөйгөн.

Борбор Азияда интернет колдонуучулардын көптүгү боюнча Өзбекстан (15,4 миллион колдонуучу) алдыда турса, андан кийин Казакстан (10 миллион колдонуучу) ээлейт.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча сап башында 721 миллион интернет колдонуучусу менен Кытай турат. Индия 462 миллион колдонуучусу менен экинчи орунду ээлесе, АКШ 287 миллион колдонуучусу менен үчүнчү орунда.

Рейтинг 201 өлкөдө жүргүзүлүп, ага жер планетасынын 40 пайызы катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0