Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Архив

Түрк министри Кыргызстанда баш аламандык болушу мүмкүндүгүн кайтадан эскертти

631
(жаңыланган 11:46 29.07.2016)
Мевлүт Чавушоглу Түркиядагы окуялардын кийин КР тышкы иштер министрине телефон чалып, Гүлендин окуу жайларынын коркунучу тууралуу билдиргенин айтат.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстанда баш аламандык болсо аны Фетхуллах Гүлендин тарапташтары жасай турганын CNN Türk телеканалына берген маегинде кайтадан билдиргенин Hurriyet басылмасы жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 16-июлдун түнүндө бийликти басып алуу үчүн аскердик төңкөрүш кылууга аракеттер болгонун түрк бийлиги айтып, муну дин аалымы Фетхуллах Гүлендин тарапташтары уюштурганын билдиришкен.

Түрк министри буга чейин да Кыргызстанда Гүлендин тарапташтары төңкөрүш кылышы ыктымалдыгын айтып, тышкы иштер министрлигине билдирүү жибергенин билдирген эле. Өз кезегинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мевлүт Чавушоглунун мындай билдирүүсү осол кадам экенин белгилеп, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондуктан эмненин жаман, эмненин жакшы экенин өзү чече турганын айткан болчу. 

"Кыргызстанда бир төңкөрүш болсо аны Гүлендин жактоочулары гана жасайт. Себеби алар өлкө ичиндеги бардык тармакка жакшы орношуп, тамыр жайып алышкан", — дейт Чавушоглу.

Ал өз сөзүндө алардын уюму тууралуу Кыргызстандын президентине түрк президенти да мурда эскерткенин айтып, Түркиядагы окуялардын кийин Чавушоглу өзү КР тышкы иштер министри менен да сүйлөшкөнүн белгиледи. 

Чавушоглу ошондой эле Кыргызстандын буга чейинки президенттери төңкөрүштүн айынан бийликтен кеткенин кошумчалаган.

631
Белгилер:
мамлекеттик төңкөрүш, Мевлют Чавушоглу, Фетхуллах Гүлен, Түркия
Тема боюнча
Кыргызстан түрк министринин "гүленчилерге" каршы чара көрүү чакырыгына жооп кайтарды