Жолдордун ремонтун мамлекеттик текшерүүдөн өткөрүү демилгеленүүдө

Жазылуу
Буга чейин мамлекеттик текшерүү жана экпертиза жүргүзүү кызматы жок болчу.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөргөн соң мамлекеттик текшерүүгө алууну демилгелөөдө. Аталган токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Демилгечилер өлкө аймагындагы унаа жолдорунун абалы начар экенин айтып, толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек экендигин белгилейт. 

"Анткен менен ири унаа жолдору ремонттолгон соң мамлекеттик текшерүүдөн жана атайын экспертизадан өткөрүлбөйт", — деп айтылат маалыматта. 

Долбоорго ылайык, мамлекеттик текшерүү укугу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0