Сууда чөмүлүп аткан балдар. Архив

Шаршембиде өлкө боюнча күн ысык болот

28
(жаңыланган 20:55 02.08.2016)
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Шаршембиде өлкө боюнча күн ачык боло турганын Кыргызгидромет билдирди. 

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында да күн ачык болуп, абанын температурасы 32 градуска чейин ысыйт. 

28
Белгилер:
күн, шамал, аба ырайы
Пикирлер