2026-жылга чейин 700гө чукул айыл таза суу менен камсыз болот

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСуу алып жаткан адам. Архив
Суу алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылы бюджеттен калкты суу менен камсыздоого 100 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 10 жыл ичинде өлкө аймагындагы 700гө чукул айыл таза суу менен камсыз болот. Бул туурралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун калкты таза суу менен камсыздоо боюнча өткөргөн кеңешмесинде айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, калкты таза суу менен камсыздоо маселеси бүгүнкү күндө актуалдуу бойдон калууда.

"Учурда республика боюнча 595 айылда реабилитациялык иштер жүргүзүлүүдө, дагы 657 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруубуз зарыл. Быйылкы жылы бюджеттен калкты суу менен камсыздоо жаатында 100 миллион сом бөлүнгөн", — деди Жээнбков.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Аскар Токтошев билдиргендей, 2026-жылга чейин калкты таза суу менен камсыздоо программасы иштелип чыккан.

Ага ылайык, 24 шаарды жана 650 айылды таза суу менен камсыздоо пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0