Кыргызстанда аскер кафедралары жоюлду

Жазылуу
Аскер кафедралары жабылгандан кийин альтернативдик кызмат өтөө жүзөгө ашат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда аскер кафедралары жоюлду. Аталган мыйзамга Алмазбек Атамбаев кол койгондугун президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган мыйзам 30-июнь күнү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган

Үч жашар Сердардын башкы желектин алдында жоокердик маршы - Sputnik Кыргызстан
Үч жашар бала Кыргызстандын башкы желегин күзөтчүлөр менен кошо кайтарууда
Мындан ары Медициналык академияда гана аскер кафедрасы кызмат көрсөтөт. 

Аскер кафедралары жабылгандан кийин альтернативдик кызмат өтөө жүзөгө ашат. Анда жоокерлер эки категория боюнча кызмат өтөй алышат.

Биринчисинде 25 миң сом төлөп, аскердик билетке ээ болот да, бирок келечекте укук коргоо органдарында иштөөсүнө жол жабылат. Ал эми экинчи категория боюнча кызмат өтөгөндөр 50 миң сом төлөп, бир ай машыгуудан өтөт. Булар келечекте күч түзүмдөрүндө иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мыйзам жарыяланган соң 10 күндөн кийин күчүнө кирет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0