Жыл башында Кыргызстан боюнча кант диабети менен ооруган 50 миң бейтап катталган

© AFP / NOAH SEELAMМедсестра берет пробу крови у больного сахарным диабетом. Архивное фото
Медсестра берет пробу крови у больного сахарным диабетом. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл инсулинди сатып алууга республикалык бюджеттен 109 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 2016-жылдын 1-январына карата өлкө аймагында кант диабети менен ооруган 50 миң бейтап катталганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында — 12 654, Чүй облусунда — 8 437, Жалал-Абад облусу — 7 945, Ош облусу — 7 124, Ош шаарында — 4 162, Ысык-Көлдө — 3 934, Баткен облусу — 2 820, Нарында — 2 106 жана Таласта — 1 774 бейтап бар.

Бишкектин Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун баш дарыгери Алмаз Кубатбеков. - Sputnik Кыргызстан
Травматолог: сасык тумоонун айынан кыргызстандык айымдар майып балдарды төрөп жатат
Инсулин менен даярданууга 16 миң 693 бейтап муктаж. Кант диабетине каршы дарыларды республикалык бюджеттин каражатына Дүйнөлүк банктын процедуралары аркылуу Саламаттык сактоо министрлиги тендердин негизинде сатып алат.

Быйыл дары-дармекке 109 миллион сом бөлүнүп, тендер өткөрүлгөн. Учурда кант диабетинен жабыркагандардын баары инсулин менен камсыз болгон.

Ошондой эле инсулинге ийне сатып алуу үчүн Каржы министрлиги тарабынан кошумча 60 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0