Байланыш комитети Интернеттин кымбатташы боюнча Казакстандан түшүндүрмө талап кылат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүИнтернет колдонуу. Архив
Интернет колдонуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетке болгон тарифтер 2-3 эсе кымбаттагандыгы тууралуу Байланыш операторлорунун ассоциациясы билдирген.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет Интернеттин тарифи кымбаттаганы тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн изилдеп чыгат. Бул тууралуу Байланыш комитетинен кабарлашты. 

Ноутбук менен окуп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы айыл мектептерин интернет менен камсыз кылууну тапшырды
Ведомствонун маалыматына караганда, 11-август күнү Байланыш операторлорунун ассоциациясы Интернет тарифтеринин кымбатташына кийлигишүүнү суранып кат жөнөткөн. 

Алардын берген маалыматы боюнча 1-августтан тарта Казакстан Кыргызстандын компанияларына Интернеттин баасын 2-3 эсе жогорулатып жиберишкен. 

Мындан улам Ассоциация түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып жатканын айткан. 

Учурда Байланыш комитети казак мамлекеттик органдарынан тарифтердин кымбаттоо себебин түшүндүрүп берүүнү өтүнгөн кайрылуу жөнөткөнү жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0