Кыймылсыз мүлк жана унаа үчүн салык төлөөгө бир жума убакыт калды

Жазылуу
Эгерде аталган мезгил ичинде салык төлөнбөсө айып салынат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктардын кыймылсыз мүлк жана унаа үчүн салык төлөөгө жети күн убактысы калды. 

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери былтыркыга караганда 10 млрд. сомго ашык салык чогултулду
Эреже боюнча транспорт салыгын 1-сентябрга чейин, кыймылсыз мүлккө болгон салыкты 2-сентябрга чейин төлөө зарыл. 

Эгерде аталган убакытта тиешелүү салыктар төгүлбөсө, транспорт жана үй ээлерине 2 миң сомдук айып салынат. Мындан сырткары, ар бир күн үчүн туум кошулат. 

Салыктарды бардык почта бөлүмдөрүндө, банктар аркылуу жана терминалдар аркылуу төлөөгө болот. 

Салык төлөөгө берилген убакыт бүткөн соң салыкчылар Кайгуул милициясы менен биргеликте рейддерди жүргүзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0