Мигранттар өлүмү: жумушсуздукту жоюу боюнча депутаттардын убадасы

© Sputnik / Табылды КадырбековАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва шаарындагы басмаканада чыккан өрт 14 кыргыз жаранынын өмүрүн алып кетти. Бул окуя кыргыз мигранттары канчалык оор жагдайда иштеп жатканынан кабар берет. Учурда көңүл айтып жаткан депутаттар шайлоо алдында эмне убадалаганын төмөнкү макаладан окуй аласыздар.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Москва шаарындагы өрттөн кыргыз мигранттарынын каза болушу бүтүндөй кыргыз журту үчүн чоң кайгы болду. Учурда баарыбыздын кабыргабыз кыйышып, сай-сөөгүбүз сыздап турган чагы. 

Facebook социалдык тармагынын колдонуучусунун баракчасынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак: кыз-уулуңду багалбаган мекенде, кыргызмын деп кайсы арыма мактанам?
Эскерте кетсек, 27-август күнү шаардын түндүк-чыгышында жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген Кыргызстандын 14 жараны каза болду. Дагы үчөө оор абалда ооруканада жатат.  

Эң өкүнүчтүүсү — каза болгондор жалаң кыз-келиндер болгону. Албетте, алар Москва шаарына жыргап кеткенинен барган эмес. Башкы маселе — жумушсуздук. 

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоо алдында азыркы депутаттар жумушсуздук маселесин чечүүдө эмне убадалаганын эстеп көрүүнү чечтик. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоо алдында 61 ишкана курууну убада кылган. Бул тууралуу депутат "Жаңы Ордо" гезитине маек куруп жатып билдирген. Ал эми макалынын электрондук версия 2014-жылдын 9-декабрында партиянын расмий сайтында жарыяланган. 

"Биз 61 деген экономикалык программа кабыл алганбыз. Бул 61 ишкананы куруу дегенди түшүндүрөт. Буга чейн өлкө боюнча 11 МТС (мотордук-трактордук станция) ачып, эки завод куруп бүтсөк, эки завод ушу тапта курулуп жатат. Эгер "Өнүгүү-Прогресс" партиясы шайлоону жеңип, өкмөттүн курамына кире турган болсо, ушул программанын негизинде иш жүргүзөт. Анда ар бир райондо МТС ачуу, анын жанына кайра иштетүүчү заводдорду жаратуу, кооператив түзүү идеялары каралган", — деген Төрөбаев.

"Кыргызстан" партиясы 100гө чукул өнөр жайды ишке киргизүүнү убадалаган. 

© Фото / Сагын Айылчиев"Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Шаршенбек Абдыкеримов
Церемония поднятия государственного флага Кыргызской Республики в Олимпийской деревне Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Шаршенбек Абдыкеримов

Мындай убаданы партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Шаршенбек Абдыкеримов Баткендеги шайлоочулар менен жолугуп жатып берген. Бул тууралуу партиянын расмий сайты билдирет. 

"Биздин партиянын мүчөлөрү Баткен аймагы боюнча 100гө чукул өнөр жайларды ишке киргизүүгө белсенип жатат. Кытайлык инвесторлор менен биргелешип, кыш заводдору, цемент, акиташ заводдорунун курулуштарына өзүңүздөр күбө болуп турасыздар. Өзүбүз аракет кылсак, чет жерге жумуш издебей, үй-жайыбызды таштабай эле ушул жерден баар табабыз. Биздин топурак, ташыбыз, суубуз, кендерибиз өзүбүздүн кол менен иштетилип, пайдасын көрүүгө тийишпиз", — деген Абдыкеримов.

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП партиясынын белгиси
Ход предвыборной кампании 2015 - Sputnik Кыргызстан
КСДП партиясынын белгиси
120 миңден ашуун жумуш орун түзүүнү КСДП партиясы да "балп" эткен. 

Шайлоо алдындагы убадаларынын бири катары КСДП жумушсуздук маселесин чечүүнү айткан. Бул тууралуу партиянын шайлоо алдындагы чыккан жеке гезитинде жазылган. 

Аталган гезитте "Экономикага 5 миллиард доллардан кем эмес чет өлкөлүк тикелей инвестиция тартуу, 120 миңден кем эмес жаңы жумуш орундарын түзүү, өлкө кирешесин 5 жылда эки эсеге көбөйтүү" убадасы жазылган.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир-Бол" партиясынын желеги
Флажог с логотипом партии Бир бол - Sputnik Кыргызстан
"Бир-Бол" партиясынын желеги
"Бир-Бол" партиясынын "Илбирстин секириги" программасы убагында байма-бай айтылгандыктан баары жатка билип калса керек. Анда 70 миң жумушчу орун убадаланган. 

"Туризм", "Көмүр" улуттук кластерлеринин, "Эгин", "Шекер", "Эт", "Май", "Жүгөрү", "Сүт" сыяктуу айыл чарба кластерлеринин алкагында 70 миң жумуш орундары түзүлөт", — деп айтылат убадада. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" партиясынын желеги
Ход предвыборной кампании партий 2015 - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" партиясынын желеги
Ал эми "Ата Мекен" партиясынын лидерлери өткөн жылдын 29-сентябрында Ысык-Көл облусундагы шайлоочулар менен жолугуп, анда Аида Салянова аталган партия балдарга жаркын келечек түзүп берерин убадалаган

"Балдардын жаркын келечеги үчүн, таза жашоо үчүн шайлаңыздар. Коррупцияны жоебуз", — деген Салянова.

Ал эми 30-сентябрдагы Кемин райондук шайлоочулар менен жолугушууда Жоомарт Оторбаев жумушча орундар бир гана шаарларда эмес, аймактарда да түзүлөрүн айткан

"Биз борбор калаадан алыс жайгашкан аймактарга жумуш орундарын түзөбүз. Бул кадам мамлекеттин өнүгүүсүнө алып келет. Мамлекет аймактардын өнүгүүсүнө көңүл бурушу керек", — деген Оторбаев. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов
Депутат ЖК 6-го созыва Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
"Республика — Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов

Парламенттик шайлоого аттанган "Республика — Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов чет жакта иштеп жаткандарды мигрант эмес, инвесторлор деп атаган

Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрт: түгөйсүз калган эгиз, энесиз калган жетимдер
"Биз аларды инвесторлор деп аташыбыз керек. Анткени замандаштарыбыз жылына 2 миллиард доллар которушат. Партиябыз аларды колдоо үчүн кош жарандуулукту сунуштайт. Кош жарандуулук алгандар гана чет жакта толук укукка ээ боло алат. Мындан сырткары, айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн 7 пайыздык насыя беребиз. Насыянын арты менен айыл чарбаны өз нугуна салууга болот", — деген Бабанов.

Белгилей кетсек, бул айтылган убадалардын бир тамчысы гана. Ошентсе да ушул убадалардын айрымдары аткарылып калса, чет жакта иштеп жүргөн боордошторубуз өлкөгө кайтып келет беле деген илгери үмүт. 

Аталган партиялар жакынкы күндөрү экинчи сессиясын баштоо алдында турат. Буга чейин биринчи сессияда сегиз ай иштеп, жайкы эс алууга чыккан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0