Автобазар. Архив

Салыкчылар жарандардан салык кабыл алуу үчүн түн жарымга чейин иштебейт

172
Салык органдарынын имараттарында салык төлөө үчүн кезек күткөндөр турат.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлчүлүгү быйыл жарандардан салыктарды кабыл алуу үчүн түн жарымга чейин иштебейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Салык кызматынын салыктарды декларациялоо жана башка төлөмдөрдү кабыл алуу бөлүмүнүн ага инспектору Жылдыз Атаканова билдирди.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт салыктарын кабыл алуу аяктайт, 2-сентябрда кыймылсыз мүлк жана жер үлүшүнө болгон салыкты кабыл алуу аяктайт.

Сурамжылоо

Унаа менен кыймылсыз мүлккө салык төлөдүңүзбү?
  • Ооба, эчак эле төлөгөм
    37.8% (20)
  • Жок, 1-сентябрга чейин убакыт бар
    24.5% (13)
  • Жыл сайын эле төлөй беремби?
    11.3% (6)
  • Үйүм да, унаам да жок, мага баары бир
    26.4% (14)
Добуш бергендер: 53
Атаканова ошондой эле былтыр жана мурдагы жылы салыктарды төлөө Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу менен дал келгенин эске салды. Андыктан салыкчылар жумуш күндү узартып, бирдиктүү салык декларациясын дем алыш күнү да кабыл алган.

Быйыл декларацияларды кабыл алуу апрель айында аяктаган.

"Эртең эс алуу күнү. Ал эми 1-сентябрда дагы жарандар транспорт салыгын, ал эми 2-сентябрда кыймылсыз мүлк салыгын төлөй алышат", — дейт ал.

Салык кызматынын өкүлү учурда салык кызматынын имаратында салык төлөдү деген атайын чаптаманы алуу үчүн кезек күткөндөр көп экенин айтат.

"Биз кезекти азайтып, салыктарды кабыл алуучу кошумча столдорду жайгаштырдык", — дейт Атаканова.

Салыктарды кабыл алуу аяктагандан кийин салыкчылар менен Кайгуул милициясы салык төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд уюштурат. Аларга 2 миң сом айып салынып, туум эсептелет.

172
Белгилер:
декларация, салык, Жылдыз Атаканова
Тема боюнча
Кыймылсыз мүлк жана унаа үчүн салык төлөөгө бир жума убакыт калды
Жыл башынан бери былтыркыга караганда 10 млрд. сомго ашык салык чогултулду
Пикирлер