Кыргызстандын булуң-бурчу эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын кантип белгиледи

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада 1500дөн ашуун аскер парадга чыгып, өлкө башчы куттук сөзүн айтты.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстан бүгүн өзүнүн эгемендүүлүк майрамын белгилеп жатат. Мындан 25 жыл мурун Кыргыз Республикасы 31-августта көз карандысыз өлкө экендигин жар салган. 

Бул өзгөчө майрам бүтүндөй өлкө боюнча белгиленип, райондун, облустун борборлорунда параддар өттү. 

Борбор калаада 1500дөн ашуун аскер параддан өтсө, аларды 80ден ашуун атайын техника коштоду. 

Ал эми кыргыз журтун өлкө башчы Алмазбек Атамбаев майрамы менен куттуктады. 

© Фото / Шабданбек уулу ДаткаОш шаарындагы шаңдуу майрам
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы шаңдуу майрам

Экинчи борбор аталган Ош шаарында да майрам шаңдуу өтүп, жергиликтүү тургундар атайын парадга күбө болушту. Аскердик парад майрамдык концерт, ар кыл оюн-зооктор менен коштолду. 

© Фото / Талгат БакиевЖалал-Абад облусундагы майрам
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусундагы майрам
Жалал-Абад облусунда да майрам жаркын маанайда белгиленип, борбордук көчө элге толду. Мамлекеттик гимн аткаралып жатканда улуттук кийим кийген кыз колун көкүрөгүнө алды.

© Фото / Айнура Дуйшок кызыКыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы Нарында белгилениши
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы Нарында белгилениши

Нарында майрамдын шаңын параддан өткөн күлүктөр ачты. Ал эми парадга аскер техникалары жана жоокерлер катышты. 

© Фото / Улан МаккамбаевБаткенде өткөн аскердик парад
Военный парад в честь 25-летия независимости Кыргызстана в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Баткенде өткөн аскердик парад

Баткен облусу да четте калбай аскердик парад жана майрамдык концерт уюштурду. 

© Фото / пресс-служба полпредства Иссык-Кульской области при правительстве КРКараколдогу майрамдык парад
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Караколдогу майрамдык парад

Караколдо бир гана аскерлер эмес, жаштар өкүлдөрү, ырчылар жана активист студенттер параддан өтүштү. 

© © Sputnik Ала-Букада майрам өзгөчө өттү
Свадьба семи пар в день 25-летия независимости Кыргызстана в Ала-Буке - Sputnik Кыргызстан
Ала-Букада майрам өзгөчө өттү

Ала-Букада жети облустан келечекте баш кошо турган жети келип, түндүк көтөрүштү. 

© Фото / Алина БлаговаЭгемендүүлүк майрам Кара-Балтада
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Кара-Балте  - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүүлүк майрам Кара-Балтада

Кара-Балта шаарынын эмгекчилери "Ура" деген кыйкырык менен борбордук көчөдөн өтүштү. Майрам шоу-концерт менен уланууда. 

© Фото / Канатбек Сатикеев Чаткалдагы майрамдык маанай
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Чаткале - Sputnik Кыргызстан
Чаткалдагы майрамдык маанай

Чаткалда майрамдын көркүн спорттук иш-чаралар ачып, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланды. 

© Фото / пресс-служба мэрии города БалыкчиКыргызстандык эгемендүүлүк майрамын Балыкчы шаары да шаң менен белгиледи
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эгемендүүлүк майрамын Балыкчы шаары да шаң менен белгиледи

Балыкчы шаарында жаш бийчилер жаркын маанай тартуулап, элдин көңүлүн көтөрүштү. 

© Фото / Элмира СуйутбековаЭгемендүүлүк күнүн майрамдаган Талас облусу
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүүлүк күнүн майрамдаган Талас облусу

Талас жергесинин тургундары улуттук кийимдерди кийүү менен параддан өтүп майрамды өзгөчө белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0