"Өзгөчө" 111ААА номери 160 миң сомго сатылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын каттоо кызматынын https://nomer.srs.kg аттуу сайтынан алынган кадр. 111AAA номерин сатуу
Кыргызстандын каттоо кызматынын https://nomer.srs.kg аттуу сайтынан алынган кадр. 111AAA номерин сатуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
40 миң сомдон башталган аукционго жалпы алты киши катышкан.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. 111ААА номери 160 миң сомго сатылды. Бул туурасында аукцион өтүп жаткан сайтта жарыяланды. 

"Өзгөчө" 111ААА мамлекеттик номеринин алгачкы баасы 40 миң сомду түзүп, аны 160 миң сомго Максуд Хусанов аттуу жаран сатып алган.

Онлайн-аукцион үч баскычта – бүгүн, эртең жана 28-сентябрда да өтөт. Баш-аягы сатыкка 37 номер коюлган.

Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 1-июнунан тарта унааларга мамлекеттик номерлердин жаңы үлгүсүн сата баштаган. Азыркы үлгүдө номер үч сандан жана үч тамгадан турат. Тушунда Кыргызстандын туусунун сүрөтү мурдагыдай эле сакталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0