КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешовдун архивдик сүрөтү

Дастан Бекешов: абактагылар деле адам да, кол телефон колдонууга уруксат берели

487
(жаңыланган 13:30 21.09.2016)
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов жаза өтүп жаткандар ансыз деле уюлдук телефондорду колдонуп келет деген ойдо.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов парламентте сүйлөп жатып абакта жаза өтүп жаткандарга уюлдук телефондорду көтөрүүгө уруксат берүү сунушун киргизди.

Анын айтымында, абакта отургандар ансыз да чөнтөк телефондорду колдонуп келет. 

"Түрмөдөгүлөр кызматкерлерге акча берүү менен уюлдук телефондорду колдонору эч кимге сыр эмес. Чектөө киргизген менен майнап чыкпай жатат. Андан көрө уруксат берип койбойлубу. Алар деле адам да. Жакындары менен байланышта болсун", — деди Бекешов. 

Суроого жооп берген Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Таалайбек Жапаров маселенин бир топ оош-кыйышы бар экенине токтолду. 

"Чындыгында бул көйгөйлүү маселе. Анткени бүткүл кызматкерлерге көлөкө түшүрүп жатат. Учурда ушуну чечүү боюнча иштеп жатабыз. Уюлдук телефондордун сигналдарын төмөндөтүү боюнча атайын аппараттарды орнотобуз. Эгер уруксат берип койсок, тергөө иштерине тоскоолдук жаратат", — деди Жапаров. 

Учурда Жогорку Кеңештин отуруму уланууда.

487
Белгилер:
уюлдук телефон, талкуу, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
ЖАМК: биринчи жарым жылдыкта камактагылардан 2 миң уюлдук телефон алынган
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

345
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

345
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда
Лыжа базасында эс алуучу. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

65
30-ноябрга караган түнү өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрь, дүйшөмбүдө, күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4 …-9, Ысык-Көлдө -4…+1 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада -4…-6, Ош шаарында -1…+1 градуска жетет.

65
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет