Гезиттеги кеп: Атамбаевдин отставкасы, иштен кетем деген Кашкар Жунушалиев

© Sputnik / Расул Усеналиев"Ачык саясат" гезити 23-сентябрда чыккан санында Алмазбек Атамбаев референдум өткөндөн кийин отставкага кетет деген макал
Ачык саясат гезити 23-сентябрда чыккан санында Алмазбек Атамбаев референдум өткөндөн кийин отставкага кетет деген макал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерге абай салып, жума сайын гезит-журналдарды барактайбыз. Айың кептер тууралуу каармандар же алардын жакындары өздөрү эмне дейт.

Атамбаевдин кетишине аз калдыбы?

"Ачык саясат" гезити 23-сентябрда чыккан санында Алмазбек Атамбаев референдум өткөндөн кийин отставкага кетет деген сөз тарап жатканын жазып чыкты.

"Референдум өткөндөн кийин президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтүнөн мурда отставкага кетээри тууралуу сөз тарап жатат. Акыркы окуялар анын ден соолугуна катуу таасирин тийгизиптир", — деп жазат аталган гезит.

КР президентинин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усенов бул маалымат ушактын деңгээлиндеги кабар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Бул — ушак маалымат. Азыр мындай маселенин көтөрүлүшү да мүмкүн эмес", — деди Усенов.

Кашкар Жунушалиев эбак эле арызын жазыптыр

Ушул эле санында "Ачык саясат" гезити ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып койгонун маалымдады.

"Кашкар Жунушалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, Сооронбай Жээнбековдун алдына таштап койгонун эшиттик… Арызды ал ИИМге Коргоо кеңеши тарабынан жасала турчу реформалар менен макул эместигин билдирип жазган экен", — деп жазат аталган гезит.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов бул маалыматты төгүндөдү.

Кыргыз Республикасынын конституциясынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өмүркулов: Баш мыйзамдагы айрым өзгөртүүлөр Атамбаев кеткенден кийин күчүнө кирет
"Учурда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз ордунда кадимкидей эле иштеп жатат. Бүгүнкү күндө быйыл белгилене турчу кыргыз милициясынын 92 жылдык мааракесине, андан сырткары тогуз айдын жыйынтыгы боюнча жалпы иш-чараларды көзөмөлгө алып, азыр өзүнүн жумушун иш пландарынын негизинде жүргүзүп жатат", — деди Сейитов.

Ал ошондой эле басылмаларга чыккан кабарларды ИИМ такталбаган ушак катарындагы маалымат катары эсептей турганын кошумчалады.

Эмилбек Каптагаев кайырмакка илинеби?

"Азия Ньюс" гезити 22-сентябрда чыккан санында эгер "Ысык-Көл" фондусу кайтадан текшерилсе облустун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев кылтакка илинбейби деп суроо салды.

"…Эмилбек Каптагаев губернатор болуп турганда "Ысык-Көл" фондунан финансылык чуу чыккан, ЖМКларга чейин дүңгүрөгөнүн билесиңерби?… Бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө бийлик тараптан атака башталып, ошол "Ысык-Көл" фондунун эсеп-кысабы кайрадан каралсачы? Ошондой Каптагаев чындап кайырмакка илинеби, же жөн эле саясаттан четтетүү оюну болобу?.." — деп жазат аталган гезит.

Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: ЕККУ Батыровдон кийин "Ислам мамлекетинин" өкүлдөрүнө да сөз бериши ажеп эмес
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы ыйгарымдуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Sputnik Кыргызстан агенттигине "кайырмакка илинбейм" деп жооп берди.

"Ал жерден эч кандай финансылык чуу чыккан эмес. Ошол фонд аркылуу каралоо аракеттери жүрүп эле улам бир нерсени жазып жатышат. Жаңылбасам акыркы үч жылда бул фондду 20-30 жолу текшеришти", — деди Каптагаев.

Ал ошондой эле азыр да текшеришсе, корко турган же ичип-жеп алган эч нерсеси жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0