Бейтаптардын азайышынан кургак учук ооруканасы жабылмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукана кызматкерлеринин архивдик сүрөтү
Оорукана кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорукананын каржылоосу дарыланган бейтаптардын санына жараша болуп келген. Учурда оорулуулардын саны азайып, бөлүнгөн акча аталган жайды каржылоого жетпей калган.

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Бишкекте бейтаптардын азайышынан улам балдарды кургак учуктан дарылап келген оорукана жабылганы турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Врач ренгтендин натыйжасы менен таанышууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда КР мигранттарын кургак учук оорусунан дарылоо талкууланды
Маалыматка ылайык, мындан эки жыл мурун өлкөдөгү 100 миң кишиге кургак учукка кабылган 118 учур катталса, былтыр 115ке түшкөн. Мындан тышкары, бул оорудан өлгөн адамдардын саны да төмөндөгөн. 

Ал эми былтыркы жылдын июль айынан баштап Бишкектин саламаттык сактоо мекемелери жергиликтүү эмес, республикалык бюджеттен каржылана баштаган. Акчанын көлөмү айыккан адамдардын санына жараша бөлүнүп келчү.

"№2 оорукана 60 орундуу, бирок 2016-жылдын июль-август айларында 6-7 бала дарыланды. Мындан улам каржынын көлөмү да азайды. Бул акча медициналык мекемени кармап турууга жетпейт. Оорукананын жабылышы менен бейтап балдар Улуттук фтизиатрия борборунун балдар бөлүмүнө жиберилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин Саламаттык сактоо департаменти учурда оорукананы шаардын муктаждыгы үчүн анын түзүмүн кайра карап чыгууну пландаштырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0