Газга болгон карыздын негизги бөлүгүн төлөгөндөрдүн тууму жоюлат

Жазылуу
Туумду жоюу көгүлтүр оту өчүрүлгөн карызкорлорго да тиешелүү болот.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы жаратылыш газына болгон карыздын негизги бөлүгүн төлөгөн "Бишкекгаздын" абоненттеринин туум акчасын жоюу боюнча акция жарыялаганын билдирди.

Иш-чара 1-октябрдан 30-ноябрга чейин созулуп, жөнөкөй жарандарга гана тиешелүү болот. Негизги карыз төлөнгөндөн кийин 30-сентябрга чейин жазылган туум толугу менен кыскартылат. 

Акцияга карызы үчүн жаратылышы газы өчүрүлгөн абоненеттер да катыша алат. Карызынан кутулгандан кийин арыз жазып, газды коштуруп алууга жол ачылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0