ӨКМ: жыл башынан бери өрттөн 51 адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматы, архивдик сүрөт
Өрт өчүрүү кызматы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт кырсыгы баарынан көп Чүй облусунда катталган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде өлкөдө 2 686 өрт кырсыгы катталып, былтыркыга салыштырмалуу 13 пайызга кыскарганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 51 адамдын өмүрүн алган, анын арасында бир наристе бар. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 17 адамга көп. Быйыл өрттөн улам 490 миллион сомдук материалдык зыян келтирилген. Өткөн жылы 217 миллион сомду көрсөткөн.

"Жыл башынан бери өрт кырсыгынан 107 адамды жана 722 миллион сомдук мүлктү сактап калууга мүмкүн болду. Өрткө негизинен этиятсыздык, электр жабдууларын туура эмес колдонуу себеп болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Өрт кырсыгы баарынан көп Чүй облусунда (751) катталган. Андан кийинки орунда Бишкек шаары (456), Ош облусу (395), Жалал-Абад (378) жана Ысык-Көл обулусу (252) турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0