Сейсмолог Абдрахматов: келерки жылдары жер титирөө арбыйт

© AP Photo / STRСлучаи землетрясение в Кыргызстане
Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуу Алай тоо кыркаларында жер титирөөнүн болуп турушу тектоникалык жактан алганда кадыресе көрүнүш экендигин айтты.
Сейсмолог Абдрахматов: келерки жылдары 4-5 балл зилзалалар болушу мүмкүн

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Келе жаткан 2017-2018-жылдары жердин силкинүүсү көбөйүп, 4-5 баллга жеткен учурлар катталышы мүмкүн, бирок бул катуу зилзаланын белгиси эмес. Мындай пикирди Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди. 

Октябрь аралыгында мурдагы айларга салыштырмалуу жердин силкинүүлөрү арбып, буга чейин айтылып келе жаткан келерки жылдарга айтылган божомолдорду эске салды.

"Буга чейин айтылгандай, 2017-2018-жылдары жер титирөөлөрдүн саны көбөйөт деп күтүп жатабыз. Бул кээ бир жылдары арбып, кээ бир жылдары азая турган жөнөкөй эле көрүнүш. Катуу зилзаланын белгиси эмес. Балким, болбошу деле мүмкүн. 4-5 баллга жеткен учурлар катталышы мүмкүн деген божомолдоолор бар", — деди Абдрахматов.

Сейсмограф аппараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн түштүк аймагында жер силкинди
Сейсмология институтунун маалыматтарына караганда, Алай тоо кыркаларында октябрь айынын ичинде байкала турган деңгээлде, 3 баллдын тегерегинде 4 ирет жер титирөө катталган.

Окумуштуу Абдрахматов бул байкалган гана учурлар экендигин, сезилбегени бир нече жүздөп саналганын айтты.

"Алай тоолорунда акыркы эки жуманын ичинде 400гө чукул майда силкинүүлөр болду. Эми Кудай аман койсо, 2016-жылдын аягына чейин болбойт деп божомолдоп жатабыз", — деди илимпоз.

Абдрахматовдун айтымында, аталган аймак сейсмологдор үчүн кызык жаратып келет.

"Геологиялык жактан карасак, Алай өргөөсү Памир жана Тянь-Шань тоосунун чек арасында кызыктуу жерде жайгашкан. Аталган аймак тоолордун кагылышкан жери деп эсептелет да, чыңалуулар жер титирөө менен бошоп турат", — деди Абдрахматов.

Окумуштуу аталган аймакта мындан ары да жер титирөөлөр болуп турарын, анын кайталанышына өтө деле кооптонуунун кереги жоктугун кошумчалады. 

Абдрахматовдун маалыматында, орточо эсеп менен алганда Кыргызстандын аймагындагы жер титирөөнүн 60 пайызы Ош жакта, анын ичинен Оштун ичинен 70 пайызы Алай өргөөсүндө кездешет. 

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0