Министрлер минген унаалар: "белекке" алгандар, "мураска" калгандар

Жазылуу
Кыргыз коомчулугунда министрлердин, ири компаниялардын кызматтык автоунаалары боюнча маалыматтар кызыгуу менен кабыл алынат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан бир катар аткаминерлердин минип жүргөн кызматтык темир тулпарларын сураштырып көрдү.

Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларация: Атамбаев, Жээнбеков, Турсунбековдун кимиси бай?
Жакынкы күндөрү эле парламентте Банктардын тутумун карап чыгуу жана карыздарды реструктуризация кылуу боюнча агенттиктин директору (ДЕБРА) Саидбек Зулпуев сөзгө калды. Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгына караганда, ал качандыр бир кезде "Азия Универсал Банк" деп аталган банкка тиешелүү Toyota Prado автоунаасын минип жүрөт экен. 

Агенттиктин директору банк ага "унааны банктын активи катары кароо боюнча кат жазып калтырып, машинанын ачкычын таштап кете беришкенин" айтты. 

Бул жооп парламенттегилердин бүйүрүн кызытты. 

"Алар банктан карыздарды өндүрүп алуунун ордуна машина алып, аны тээп жүрүп, кайра кайтарышат. Аталган ишкана карыздарды кароо узак мөөнөткө созулуп келе жаткандыктан гана иштеп турат", — деди депутат Дастан Бекешев.

Кыргыз коомчулугунда министрлердин, ири компаниялардын кызматтык автоунаалары боюнча маалыматтар кызыгуу менен кабыл алынат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан бир катар аткаминерлердин минип жүргөн кызматтык темир тулпарларын сураштырып көрдү.

Алардын арасында Lexus үлгүсүндөгүлөр басымдуулук кылары байкалды. Ичинде демөөрчүлөрдөн белекке берилгендер, долбоор каражаттарына, грантка келгендер, андан сырткары "дежурка" катары кириштелгендер бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин кызматтык унаасы — 2007-жылы чыккан ак түстүү Toyota Camry. Азыркы төрагага мурдагы төрайымы Алина Шайиковадан калыптыр. Автоунаа болжол менен 7 миң доллардын тегерегинде.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов
Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов  - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Lexus 460 үлгүсүндөгү автоунаа минип жүрөт. Темир тулпар заводдон 2010-жылы чыккан экен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министри Арзыбек Кожошев
Депутат Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри Арзыбек Кожошев

Экономика министри Арзыбек Кожошев президенттин иш башкармалыгынан 2013-жылы берилген кара түстүү Cadillac-SGM (China) унаасын пайдаланып жүрөт. Алгач автоунааны министрликти жетектеп турган Темир Сариев минген. Документтерде анын наркы 4 097 043 сом деп бааланган. Кытай өкмөтүнөн гранттын эсебинен келген Cadillac үлгүсүндөгү 46 автоунаанын бири. Кыргызстан президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы аркылуу министрликке өткөрүп берилген.  

 

© Sputnik / Табылды КадырбековФинансы министри Адылбек Касымалиев
Министр финансов Адылбек Касымалиев - Sputnik Кыргызстан
Финансы министри Адылбек Касымалиев

Финансы министри Адылбек Касымалиевдин кызматтык унаасы — кара түстүү Cadillac-SGM (China). Ал азыркы аткаминерге мурдагы министр Ольга Лавровадан калган. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев
Президент Алмазбек Атамбаев принял министра здравоохранения Талантбека Батыралиева - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кызматтык автоунаасы — Lexus LX470 (заводдон 1999-жылы чыккан). Министрликтен 2012-жылы президенттин иш башкармалыгынын гаражынан S класстагы Mercedes-Benz – 320 автоунаасын азыркы жолдандабаска (Lexus LX470) алмашып алышканын айтышты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАйыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев
Министр сельского хозяйства и мелиорации Кыргызстана Турдуназир Бекбоев - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев

Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин мингени — Toyota Prado үлгүсүндөгү жол тандабас. Ал азыркы жетекчиге мурдагы министрлерден калган.

© пресс-служба ГНС КРМамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов
Глава ГНС ознакомился с работой торговых комплексов столицы  - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновдун кызматтык унаасы — Toyota Land Cruiser Prado. Жолтандабас 2009-жылы 2 миллион 457 миң 735 сомго Азия өнүгүү банкынын каражатына сатып алынган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев
Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Lexus LX470 минип жүрөт. Маалымат кызматы 2005-жылы чыккан бул темир тулпар 2012-жылы ИИМге демөөрчүлүк жардам иретинде берилгенин билдирди. Демек, мурдагы министрден калган. 

Баасы туурасында алар "тартууга берилген белектин баасы суралбайт" же "белекке берилген аттын тишин карабайт" дегендей эле кеп…" деген жообун айтты. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМаданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков
Министр культуры, информации и туризма КР Туголбай Казаков - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун кызматтык унаасы — Cadillac SGM. Бул Кытай Кыргызстанга гранттык түрдө берген автоунаанын бири. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБилим берүү жана илим министри Эльвира Сариева
Министр образования и науки Эльвира Сариева. - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Toyota Fortuner автоунаасын минип жүрөт. Ал 2006-2010-жылы иштеген Азия өнүктүрүү банкынын билим берүү тармагындагы долбоору ошол учурда өздөрүнө сатып алып, кийин министрликке берген.

© Фото / пресс-служба ЖК КРТранспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров
Директор Департамента дорожного хозяйства Минтранса КР Айдаров Замирбек - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров ак түстүү Toyota Prado жол тандабасты пайдаланып келет. Маалыматтарда аталган автоунаа Маммүлк фондусунун буйругу менен 2013-жылы бөлүнгөн. Министрлик 2010-жылы чыккан бул темир тулпарды нөөмөттүк автоунаа катары кириштеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0