National Geographic: Кыргызстан илбирстер үчүн баш калка боло алат

© Фото / Влад УшаковАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн илбирсти коргоо боюнча эл аралык күн. Жоголуп бара жаткан жаныбардын урматына арналып белгиленген дата 2013-жылы Бишкекте өткөн илбирсти коргоо боюнча Дүйнөлүк форумда кабыл алынган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Эл аралык илбирс күнүнө карата National Geographic илимий журналы Борбор Азияда сейрек кездешкен жаныбарды коргоо боюнча макала жазды.

Элик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фотокапкан. Аюу, илбирс баштаган жапайы жаныбарлар сүрөткө түштү
Журналдагы маалыматка караганда Борбор Азиянын тоолуу аймактарын байырлаган илбирстердин саны төрт миң башка кыскарып кеткен. Буга мыйзамсыз аңчылык менен жандыктын терисин соодалоо күчөгөнү себеп болгон.

Мындан тышкары National Geographic басылмасы Biological Conservation журналына шилтеме берүү менен илбирстердин саны 2070-жылга карата үчтөн экиге кыскарып кетүү ыктымалдыгы бар экенин жазды.

"Анткен менен 350 илбирс байырлаган Кыргызстан акырындык менен жаныбарларды сактоо боюнча үлгү болоруна үмүт бар", — деп белгиленет басылмада. 

Ошондой эле National Geographic Кыргызстандын бийлиги илбирсти сактоо боюнча чечкиндүү кадамдарды жасап жатканын жазды. Басылма мисал катары Шамшы аңчылык аймагы илбирстерди коргоочу корукка айланганын билдирген.

Илбирс жоголуп бараткан жаныбарлардын катарын толуктайт. Ага аңчылык кылууга катуу тыюу салынган. Жандык эл аралык Кызыл китеп менен Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0