БП: пара жаатында кылмыштардын бети ачылып, 17 миллион сомдой өндүрүлдү

Жазылуу
Өлкөнүн башкы көзөмөл органы январь айынан сентябрга чейин 702 кылмыш иш, 328 административдик иш козгогон.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Башкы прокуратура 9 ай ичинде коррупция жаатында кылмыштардын бетин ачып, өлкө бюджетине 16 миллион 847 миң 784 сом өндүргөн. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9 айында коррупция жаатында прокуратура кызматкерлери тарабынан 1547 текшерүү болгон. Алардын жыйынтыгында 156 мыйзамсыз чыгарылган укуктук актылар аныкталган. Мындан сырткары 702 кылмыш иши, 328 административдик иши козголгон.

Ошондой эле, 1143 мамлекеттик кызматкер дисциплинардык, 186 кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0