Кыргызстан жыл сайын өткөрүлгөн Doing Business рейтингинде сегиз позициядан ажырады

Жазылуу
Бул рейтингде Кыргызстан ишканаларды каттоо жана эл аралык соода-сатык жүргүзүү жагын жакшыртканы менен курулушка уруксат берүү жана жеке менчикти каттоо жагынан ордун жоготту.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк банк жана Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) тарабынан көрсөтүлгөн Doing Business жылдык рейтингде Кыргызстан 75-орунду ээледи. Бул тууралуу эл аралык институттардын жаңы отчетунда маалымдалды.

Былтыркы рейтингге салыштырмалуу өлкө 67-орундан түшүп, сегиз позициясын жоготту. Менчикти каттоо тармагы (алтынчыдан сегизинчиге) жана курулушка уруксат берүү боюнча (20 дан 35ке) көрсөткүчтөр төмөндөгөн. Эл аралык соода-сатык чөйрөсү боюнча тескерисинче көрсөткүчтөр жакшырып, төрт пунктка жогорулаган. Ишканаларды каттоо тармагы боюнча беш тепкичке өскөн. Насыяларды алуу критерийи жагынан мурдагы бойдон 32-өңүттө турат. 

Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан укук рейтингинде Россия менен Түркиядан озуп кетти
Doing Business рейтингинде Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан алдыңкы орунда. Ал 51-орундан 35-орунга жогорулаган. Андан кийин Кыргызстан. Өзбекстан 87-тизмеге кирди, ал эми Тажикстан 128-орунда. Түркмөнстан рейтингде жок. 

Doing Business доклады он төртүнчү жолу басылып жатат. Ага 190 өлкө кирет. 

Документтин авторлору бизнестин өнүгүүсүнө мүмкүндүк берген же жолтоо болгон, ишканалардын ачылышы, тышкы соода иши, салык төлөмдөрү, инвесторлордун укугун коргоо деңгээли сыяктуу жөнгө салуу нормаларын изилдешет. 

Бул жылы дүйнөлүк рейтингдин башында Жаңы Зеландия болду. Ал 10 жылдан бери рейтингдин жогорку сабында турган Сингапурду экинчиге түшүрдү. Алардан сырткары, ондук лидерликке Дания, Гонконг, Корея Республикасы, Норвегия, Улуу Британия, АКШ, Швеция жана Македония кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0