Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан Россия менен Казакстанды артта калтырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование нового года в Бишкеке
Празднование нового года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10 жылдан бери жүргүзүлүп келген рейтинг мамлекеттерди 104 көрсөткүчтүн негизинде салыштырат.

БИШКЕК, 4-ноя.— Sputnik. Британиянын изилдөөчү Legatum Institute институту жыл сайын жарыяланган Prosperity Index рейтингин сунуштады. Анда мамлекеттердин гүлдөп өнүгүүсү жана жетишкен деңгээли боюнча бааланат. 

Столдогу тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жыл сайын өткөрүлгөн Doing Business рейтингинде сегиз позициядан ажырады
Кыргызстан 149 мамлекеттин ичинен 77-орунга илинген. Өлкө билим берүү, ден-соолук, экономикалык камсыздоо, эркиндик, социалдык капитал жана айлана-чөйрө багытында жакшы жыйынтык көрсөткөн. Бирок жарандардын коопсуздугун камсыздоо, башкаруу жана бизнес жаатында алдыга чыга алган эмес. 

Жети жылдан бери рейтингдин алдыңкы сабында Норвегия турса, гүлдөгөн мамлекет деп Жаңы Зеландия аталды. Алдыңкы катардын үчүнчү орунунда Финляндия турат. Ал эми мыкты 10 орунга Швейцария, Канада, Австралия, Нидерланд, Швеция, Дания жана Улуу Британия илинген.

Ал эми гүлдөп өнүкпөгөн мамлекеттердин катарына Борбор Африкалык Республика, Афганистан жана Йемен кирген.

Рейтинг жүргүзүүдө иликтөө институтунун изилдөөчүлөрү 104 факторду эске алат. Алардын негизгилери болуп билим берүү, жаратылыш, жарандардын коопсуздугу, демократиянын өнүгүү деңгээли, мыйзамдын сакталышы жана бийликтин натыйжалуулугу эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0