Айыл чарба министрлиги алкоголь менен өсүмдүк карантинин көзөмөлдөйт

Жазылуу
Андан сырткары, министрликтин ишин оптималдаштыруу боюнча бир катар департаменттер бириктирилди.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмүн оптимизациялоо боюнча токтомго кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, токтом менен министрликтин жаңы жобосу бекитилет.

"Карантин жана өсүмдүктөрдүн фитосанитардык көзөмөлү боюнча функция Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан алынып, Айыл чарба министрлигинин алдында кайтадан түзүлгөн фитосанитария жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча департаментке берилди", — деп айтылат маалыматта.

Симферопольский комбинат хлебопродуктов - Sputnik Кыргызстан
Комиссия: Матрезервдеги ун жараксыз экени аныкталды
Андан сырткары, малды асылдандыруу мамлекеттик борборунун базасында Жайыт, мал жана балык чарбасы боюнча департамент түзүлмөй болду. Мындай кадам малды асылдандыруу, жайыттардын экосистемасын сарамжалдуу пайдалануу максатында жасалды. 

Ошондой эле республикалык үрөн инспекциясынын базасында дан эгиндеринин экспертиза департаментинин бирдиктүү органын түзүү каралган. 

Андан сырткары, этил спиртин өндүрүү, же импорттоону көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик жөнгө салуу функциясы Мамлекеттик салык кызматы менен Экономика министрлигинен алынып, Айыл чарба министрлигине берилмей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0