Жолдогу унаалар. Архив

Министр: түндүк-түштүк альтернативдүү жолу менен 2019-жылдан тарта жүрүүгө болот

210
(жаңыланган 13:02 16.11.2016)
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна кете турчу каражат алдын ала 850 миллион долларга бааланган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 2019-жылдан тарта колдонууга берилерин Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал аталган жолду куруу аракеттери 2014-жылы башталганын белгилеп, учурда биринчи жана экинчи фазаларда иш кызуу жүрүп жатканын айтты.

"Жалал-Абаддан Казарманга чейинки бөлүктө иштер катуу жүрүп жатат. 40 чакырымга чейин асфальт төшөлдү. Жер жумуштарынын 80 пайызы бүттү. Көк-Арт ашуусунда үч чакырым 850 метрлик эки тоннель казылат. Бирөөсү автотранспорт, экинчиси коопсуздукту сактоо иштери үчүн болот", — деди ал.

Калилов учурда аталган жолдун 156дан 183-чакырымга чейинки аралыгына акча бөлүүгө Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд Аравия өнүктүрүү фонду макулдугун бергенин кошумчалады.

Ошондой эле 183-чакырымдан Балыкчыга чейинки жолдун аралыгын долбоорлоо иштери жүрүп жатканын айткан министр, аны "Кыргызжолтранс" долбоорлоо институту япониялык фирма менен биргеликте иштеп жатканын билдирди. Долбоорлоо аяктагандан кийин тендерге коюлат.

Транспорт жана жолдор министри берген маалыматка ылайык, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 240 чакырымында иш кызуу жүрүп жатат. Долбоордун жалпы баасы алдын ала 850 миллион доллар деп бааланган. 

"Долбоор башталгандан бери эки жылда 50 чакырымдан ашык жерге асфальт төшөлдү. Жер жумуштары биринчи фазада 80 пайызы аяктады. Кийинки жылы жолго толугу менен асфальт төшөлөт", — деди ал.

Калилов андан сырткары биринчи, экинчи фазадагы иштер толук аткарылгандан кийин аталган жолду колдонууга берүүгө болорун айтып, үчүнчү фазадагы иштер башка иштер менен чогуу аткарыла берерин белгиледи.

210
Белгилер:
жол, Жогорку Кеңеш, Жамшитбек Калилов
Тема боюнча
Кытай Бишкектин жолдору үчүн 3 млрд. сомго жакын грант берет
Жээнбековдун ашуудагы жолдордун абалына ичи чыккан жок
Пикирлер