Эртең өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында кар жаайт

Жазылуу
Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорундо зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. 17-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Токтогул суу сактагычындагы электр станцияларды башкарган зал - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСинин ичи кандай? Сүрөттө калган ирмемдер
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорундо зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Кыргызгидромет билдиргендей, Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10 градус жылуу болсо, Ысык-Көл менен Нарында 7 градуска чейин күн жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0