Тоолор. Архив

Кыргызстанда туристтер үчүн маалымат сайт ачылды

175
(жаңыланган 11:20 18.11.2016)
Интернет баракчада туристтер үчүн эс алуучу жайлар, салт-санаа, үрп-адат, кыргыз элинин турмушу жана ар бир облустун ажайып жерлери камтылган.

БИШКЕК, 18-ноя — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү тарабынан жаңы туристтик маалымат сайты ачылды. Бул тууралуу Экономика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Негизги максаты — өкмөт тарабынан апрель айында бекитилген программасына ылайык, Кыргызстандагы туризмди 2020-жылга чейин өнүктүрүү.

"Сайттан кыргыз, орус, англис, түрк, кытай жана араб тилдеринде маалымат алууга болот. Интернет баракчада туристтер үчүн эс алуучу жайлар, салт-санаа, үрп-адат, кыргыз элинин турмушу жана ар бир облустун ажайып жерлери камтылган", — деп жазылат маалыматта.

Интернет баракча бир гана чет өлкөлүктөр эмес, кыргызстандыктар үчүн да ыңгайлуу. Ал жерден Кыргызстан жөнүндө бир топ маалымат алууга болот.

175
Белгилер:
баракчалар, сайт, саякат, турист, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйнөлүк Global Grasshopper журналы Кыргызстанга саякаттоонун 10 себебин жазды
Рейтинг: Кыргызстан туристтер үчүн кооптуу