Өспүрүмдөрдүн никелешүүсүнө акыры тыюу салынды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы мыйзам боюнча өспүрүмдөрдүн нике кыюусуна шарт түзгөн тараптар менен молдолор 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өспүрүмдөрдүн никелешүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорго кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Мечит, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Нике мыйзамы: турмушка чыккан кыз күйөөсүз, айыл молдосуз калбайбы?
Эске салсак, өспүрүмдөрдүн никелешүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоор үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин үчүнчү окуусунда кабыл алынган

Мыйзам жарыялангандан тарта 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Белгилей кетсек, жаңы мыйзамга ылайык, өспүрүмдөрдүн нике кыюусуна шарт түзгөн тараптар менен молдолор 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. 

Жаңылыктар түрмөгү
0