Адам эркиндиги боюнча Кыргызстан Россия менен Малайзиядан алдыда

Жазылуу
Адам эркиндиги боюнча 159 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 98-орунда. Лидерлер үчилтигине Гонконг, Швейцария жана Жаңы Зеландия кирди.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Адам эркиндигинин индекси — 2016" (Human Freedom Index) рейтингинде Кыргызстан 159 өлкөнүн арасынан 98-орунга чыкты. Буга чейинки рейтингде (2014-жыл) 20 позицияга төмөн турган. 

Тизмедеги орундарды аныктоого укуктун тебеленбеши, коопсуздук, диний ишенимдин, соода-сатыктын жана сөз эркиндиги таасир этет. Маалыматка караганда, адам эркиндигинин индексинин интегралдык көрсөткүчүнүн жогорку баллы 10 болсо, Кыргызстан 6,58 баллга ээ болгон. 

Празднование нового года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан Россия менен Казакстанды артта калтырды
Бул индексти Вашингтондогу Катон (Cato Institute) изилдөө институту Фридрих Науманн (Liberales Institute) фондунун либералдык институту жана канадалык Фрезер (Fraser Institute) институту менен биргеликте аныктаган. 

Борбор Азия регионунда эркинирээк өлкө катары Тажикстан аталды. Ал 6,8 баал алып, 83-орунда турат. Казакстан менен Кыргызстан 96-98-орундарда. Түркмөнстан менен Өзбекстан коюлган талаптарга туура келбегендиги үчүн тизмеге киргизилген эмес. 

Мурдагы Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөр арасында эң жакшы көрсөткүчтөргө 20,21 жана 24-орундарды ээлеп Литва, Эстония жана Латвия жетишти. 43-орунда Грузия, 55-орунда Армения, 69-орунда Молдова. Топ-100гө Украина менен Россия илинген жок (111 жана 115-орундарда). 

Лидерлер үчилтигине Гонконг, Швейцария жана Жаңы Зеландия кирди. Эң төмөн көрсөткүчтөр Иран, Йемен жана Ливияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0