Модифицирование банкнотов IV серии номиналом 200, 500, 1000 сомов

200, 500 жана 1 000 сомдуктун жаңы жасалгасы

1320
(жаңыланган 11:47 06.12.2016)
Өзгөртүлгөн банкнотто портрет классикалык ыкма менен даярдалып, мурдагыдан даана көрүнүп турат. Жарыкка салып караганда "сом" деген сөз окулат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда улуттук валютанын IV сериясындагы жакшыртылган 200, 500 жана 1 000 сом номиналындагы банкноттору жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банк билдирди. 

  • Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда жаңы 200, 500 жана 1 000 сом номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгат
    Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда жаңы 200, 500 жана 1 000 сом номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгат
    © Фото / пресс-служба Национального банка КР
  • Өзгөртүлгөн банкнотто портрет классикалык ыкма менен даярдалып, даана көрүнүп турат
    Өзгөртүлгөн банкнотто портрет классикалык ыкма менен даярдалып, даана көрүнүп турат
    © Фото / пресс-служба Национального банка КР
  • Жарыкка салып караганда сом деген сөз окулат
    Жарыкка салып караганда "сом" деген сөз окулат
    © Фото / пресс-служба Национального банка КР
  • Жакшыртылган банкноттор мурда чыгарылган банкноттор менен чогуу жүгүртүүдө болот
    Жакшыртылган банкноттор мурда чыгарылган банкноттор менен чогуу жүгүртүүдө болот
    © Фото / пресс-служба Национального банка КР
  • Жаңы банкноттор жакшыртылып, 2016-жылы кайрадан чыгарылды.
    Жаңы банкноттор жакшыртылып, 2016-жылы кайрадан чыгарылды.
    © Фото / пресс-служба Национального банка КР
1 / 5
© Фото / пресс-служба Национального банка КР
Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда жаңы 200, 500 жана 1 000 сом номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгат

Маалыматта айтылгандай жаңы банкноттор жакшыртылып, 2016-жылы кайрадан чыгарылды. 

Сурамжылоо

Сомдун жаңы жасалгасы сизге жактыбы?
  • Ооба, купюралар улам жакшырып жатат
    42.0% (45)
  • Жок, мурдагысы эле сонун болчу
    20.6% (22)
  • Өзгөчө айырма деле байкаган жокмун
    31.8% (34)
  • Мен бул номиналдагы купюраларды колдонбойм
    5.6% (6)
Добуш бергендер: 3
"Биринчиден, өзгөртүлгөн банкнотто портрет классикалык ыкма менен даярдалып, даана көрүнүп турат. Экинчиден, жарыкка салып караганда "сом" деген сөз окулат", — деп айтылат билдирүүдө.

IV сериядагы жакшыртылган банкноттор мурда чыгарылган банкноттор менен чогуу жүгүртүүдө болот. 

Сом — Кыргызстандын улуттук валютасы. Жүгүртүүгө 1993-жылдын 10-майында берилип, жалпысынан төрт чыгарылыш болгон. Эң биринчи 1, 5, 20 сомдуктар менен 1, 10, 50 тыйындар 1993-жылдын жаз айларында чыгарылган. Экинчи чыгарылышы 1994-1995-жылдарга туура келген. Ал эми 1997-жылдан баштап үчүнчү, 2009-жылы төртүнчү чыгарылышы ишке ашкан.

1320
Белгилер:
Улуттук банк, сом, дизайн
Тема боюнча
Эгемендүүлүккө жана Көчмөндөр оюнуна карата күмүш тыйындар чыкты
Октябрда Кыргызстандын валюта кору 35 млн долларга кыскарган
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

41
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

41
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме
Башкы прокуратура. Архив

Башкы прокуратура Жээнбеков менен Зулпукаров канткенде абактан чыгарын айтты  

134
(жаңыланган 22:26 07.12.2021)
Башкы көзөмөл органы мындан аркы кадамдар парламенттин чыгарган чечимине жараша болорун белгилеп жатат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жоопко тартуу сунушу тууралуу түшүндүрмө берди.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, парламент макулдук берген учурда аталган депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми макулдук берүүдөн баш тартса, алардын камактан бошотулушуна негиз болот. Депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат.

“Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында башкы прокурордун сунуштамаларын карап, добуш берүү жолу менен депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим Жогорку Кеңештин корутундусунун негизинде каралат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

134
Белгилер:
Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Башкы прокуратура, чечим, абак
Тема боюнча
Абакта отурган Жээнбеков менен Зулпукаровдун кандай байлыгы бар