Жалпы республика боюнча 141 мектеп карантинге жабылды

Жазылуу
Мындай чечим сасык тумоонун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Сасык тумоодон улам Кыргызстандагы 141 мектеп карантинге жабылганын Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова билдирди. 

Маалыматка ылайык, мындай чечим сасык тумоонун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынган.

"6-декабрга карата жалпы өлкө боюнча 141 мектеп карантинге жабылды. Анын ичинде Чүй облусунда 43 мектеп бар. Чүйдөгү Ысык-Ата районунда — 17, Аламүдүндө — 14, Сокулукта — 4, Панфиловдо — 8 мектеп жабык. Жалал-Абадда үч мектеп, ал эми Бишкек шаарында 95 мектеп карантинден улам убактылуу жабылды", — деди Чыкынова.

Андан сырткары Чүй облусундагы 4 бала бакча да жабылган. 

Буга чейин 128 мектеп карантинге жабылган эле.

Калган аймактардагы билим берүү мекемелери кадимки абалында иштеп жатат.

Сасык тумоо менен ооруган учурда эмне кылуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0