Кыргызстанда бензин бир сомго кымбаттады

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куйуу. Архив
Күйүүчү май куйуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бензин менен дизель майынын баасы Россиядан Кыргызстанга жеткирүү акысын кошкондо ноябрь айына салыштырмашуу декабрда 10 пайызга көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 12-декабрдан тарта Аи-80, Аи-92 жана Аи-95 үлгүлөрүндөгү бензиндин баасы бир сомго, дизель майынынын литри 50 тыйынга кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда кара майдын чекене баасынын кымбатташы Россиянын нефть азыктар рыногундагы дүң баанын көтөрүлүшү менен байланыштуу. Тактап айтканда, бензин менен дизель майынын баасы жеткирип берүү акысын кошкондо ноябрь айына салыштырмашуу декабрда 10 пайызга көтөрүлгөн.

Анткен менен автоунаалар колдонгон суюлтулган газдын баасы 50 тыйынга арзандаганы айтылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0