Референдумда 60 миң бюллетень жараксыз деп табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Итоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК төрайымы референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо ачык-айкын өткөндүгүн белгиледи.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Референдумда 60 миң бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Анын айтымына караганда, шайлоочулардын көпчүлүгү Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул деп добуш берген. Референдумга жалпы 1,2 миллион жаран катышкан, бул шайлоочулардын 42,09 пайызын түзөт. 

"Жалпы 955 миң жаран (79,6 пайыз) макул деп добуш берсе, 184 миң (15,5 пайыз) адам каршы пикирин билдирген. Ал эми 60 миң (5 пайыз) бюллетень жараксыз деп табылды", — деп билдирди Шайлдабекова.

Ал ошондой эле референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо ачык-айкын өткөндүгүн белгиледи. Негизги жыйынтыктар кийинчерээк чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0