Маска таккан кыз. Архивдик сүрөт

Сасык тумоодон улам өлкөдөгү 60 мектепте карантин уланууда

105
(жаңыланган 13:27 13.12.2016)
Мектептер сасык тумоонун жайылышынын алдын алуу үчүн райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменттеринин сунушу менен жабылган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстан боюнча учурда 60 мектепте карантин уланып жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мектептер сасык тумоонун жайылышынын алдын алуу үчүн райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменттеринин сунушу менен жабылган.

"Жалпысынан 60 мектеп сасык тумоодон улам жабык турат. Облустар боюнча алып караганда Таласта — 29, Ошто — 1, Ысык-Көлдө — 10, Чүйдө — 18 жана Нарын менен Ысык-Көл облустарында бирден мектеп жабык", — деди Чыкынова. 

Ал ошондой эле карантинге өлкө аймагы боюнча 19 бала бакча жабылганын кошумчалады.

Талас облусунда 17 бала бакча (Талас районунда — 9, Талас шаарында — 8), Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир жана Чүйдүн Панфилов районунда бир бала бакча иштебей турат.

Калган аймактардагы бала бакчалар кадимки тартипте иш алып барууда.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы маалымдагандай борбор калаадагы бардык мектептер иштеп жатат.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан боюнча 141 мектеп сасык тумоодон улам карантинге жабылган эле.

Сасык тумоону дарылоодогу 5 катачылык тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан тааныша аласыз>>

105
Белгилер:
сасык тумоо, карантин, билим берүү, Кыргызстан
Тема:
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (30)
Тема боюнча
Чүйдө дагы 24 мектеп карантинге жабылды
Жалпы республика боюнча 141 мектеп карантинге жабылды
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев

Ашыралиев: дүйнөдөгү күлүктөр үч породадан тараган

5
(жаңыланган 12:46 07.05.2021)
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев дүйнөдө ар кандай породадагы 200дөн ашуун жылкынын түрү бар экенин билдирди.

Дүйнөдөгү күлүктөр түркмөндөрдүн ахалтекин, англиялык таза кандуу порода жана арабдардын аргымактарынан тараган. Бул тууралуу Кемел Ашыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алар жакынга жана ыраакка чуркай тургандар болуп бөлүнөт.

Ашыралиев: дүйнөдөгү күлүктөр үч породадан тараган
"Аттын баары эле катуу чуркай бербейт. Дүйнөдө күлүктүн үч эле породасы бар. Калгандары ошолорго аргындашып чыккан деп эсептелет. Мисалы, Орлов деген көпөс арабдардын аргымагы менен англиялык таза кандуу жылкыны аргындаштырып "орловский рысак" деген породаны чыгарган. Дүйнөдө 200дөн ашык порода бар. Дүйнөдөгү күлүк деп эсептелгендер түркмөндөрдүн ахалтекини, англиялыктардын таза кандуу жылкысы жана арабдардын аргымагы. Ахалтекиндин бир омурткасы ашык болуп койкоюп турат. Ошондой эле англиялык породанын буту узун, жүрөгү эки эсе чоң жана тамырлары жоон болот. Булар жакын аралыкка чуркайт. Ал эми арабдардын аргымактары кумга чуркап жүрүп көнгөн, алардын бакайы кыска болуп, алыска чуркайт. Эң узун аралыкка күлүктөрдү жарыштырган кыргыздар менен казактар. Аламан байге деп 40 чакырымга чейин чапкан учурлар дагы болгон", — деди Ашыралиев.

Саяпкер жылкылардын айрымдары бийик секиргенге, оор жүк ташыганга, желгенге жана жоргологонго ыңгайлашканын кошумчалады.

5
Белгилер:
Кемел Ашыралиев, ахалтекин, күлүк
Тема боюнча
Кадыркулов: "Ак кула" ат майданын реконструкциялоо гана керек
Баткендеги чек ара чырынан качкындар

Чек арада жабыркагандарга компенсацияны кимдер бөлүштүрөт

14
(жаңыланган 12:28 07.05.2021)
Кармышаковдун айтымында, өкмөт 2010-жылкы окуялардан кийин түзүлгөн комиссиянын кетирген каталарын эске алды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга бериле турган компенсацияны бөлүштүрө турган комиссиянын курамына коомчулуктун, жергиликтүү бийлик башкармалыгынын өкүлдөрү жана компетенттүү адамдар кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Министр чек арада жабыркаган жарандарга берилчү компенсация боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда уюштурулган брифингде маалымат берди.

Анын айтымына караганда, өкмөт 2010-жылдагы окуялардан кийин кеткен катачылыктарды эске алган.

"Биз мурдагы комиссиянын катачылыктарын талкуулап, кетирилген мүчүлүштүктөрдү эске алдык. Мен бул жолку компенсация адилеттүү бөлүштүрүлөрүнө 100 пайыз кепилдик берем. Биздин колубузда чек ара чырында жабыркагандардын жана каза болгондордун толук тизмеси бар", — деди Кармышаков.

Министрдин маалыматы боюнча, Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылыштан 190 адам жабыркаган. Анын 36сы курман болуп, дагы 154 киши түрдүү жаракат алган. Ал ошондой эле жапа чеккендерди дарылоого бардык шарт түзүлгөнүн жана керектүү дары-дармектер жетиштүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бийлик каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом, жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берүүнү убадалаган. Компенсация үчүн төлөнө турган каражат республикалык бюджеттен алынат.

14
Белгилер:
Жаңжал, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат
Баткендеги чек арада абал тынч, адистер иштеп жатат. Сүрөт