ЖККУ аскер машыгуусунда аскерлер. Архивдик сүрөт

ЖККУнун эки макулдашуусу ратификацияланды

54
(жаңыланган 12:38 17.12.2016)
Ратификация темир жолдун техникалык тейлөөсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана аскердик жүк ташуу жаатында ЖККУ өлкөлөрүнүн кызматташуусу боюнча укуктук база түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ өлкөлөрүнүн ортосундагы эки макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Документ ЖККУ мамлекеттеринин аскердик жүк ташуу жаатындагы кызматташуунун шарттайт. 

Макулдашуунун максаты темир жолдун техникалык тейлөөсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана аскердик жүк ташуу жаатында ЖККУ өлкөлөрүнүн кызматташуусу боюнча эл аралык принциптерге негизделген укуктук база түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

Мындан тышкары, темир жолдун техникалык тейлөөсүнүн бирдиктүү системасын түзүү боюнча макулдашуунун мөөнөтүн узартуу тууралуу протокол да ратификацияланды. 

Мыйзамдар расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Аталган документ президенттин расмий сайтына жума күнү жарыяланды.

54
Белгилер:
ЖККУ, мыйзам, ратификация
Тема боюнча
ЖККУ өлкөлөрү Европадан "сүрүлүп" чыккан качкындардын агымына даяр
Кыргыз-өзбек чек арасындагы абалдан улам ЖККУ катчысынын орун басары Бишкекке жөнөтүлдү
Чехиянын аскер күчтөрү Канттагы ЖККУ базасында болушту
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

156
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

156
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова

БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди

272
(жаңыланган 01:33 29.11.2021)
Түнкү саат 12:00 чамасында Боршайкомдун онлайн-режиминде көрсөтүп жаткан сайтында 14 пайыздык добуштардын эсеби чыкпай калган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгын көрсөткөн сайтта добуштардын 14 пайызынын "жоголуп" кетиши боюнча Sputnik Кыргызстандын суроосуна жооп берди.

Буга чейин Боршайкомдун шайлоонун алдын ала жыйынтыгын онлайн-режиминде берип жаткан сайтында 14 пайыздык добуштардын эсеби чыкпай калган. Саат 23:52ге карата жалпы пайыздык көрсөткүч 100дү эмес, 86,08 пайызды түзүп жаткан.

БШКнын жетекчиси мындай жагдайдын жаралышына жараксыз чыккан бюллетендер себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

"Сөзсүз түрдө жараксыз бюллетендерди эсептеп чыгыш керек. Жалпысынан АСУга 1 234 456 бюллетень түштү, бул шайлоочулардын 33 пайызы добуш бергенин түшүндүрөт. Анын ичинен 1 115 645 (90,38 пайызы) бюллетень жарактуу, ал эми 9,62 пайызы жараксыз деп табылды. Ушул сумманы кошкондо 100 пайызга жетет деп ойлойм", — деди Шайлдабекова.

Мындан сырткары, шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

272
Белгилер:
Нуржан Шайлдабекова, БШК, сайт, көйгөй, маселе, жоголуу, добуш
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Кол менен санагыла! Жапаров "добуштар уурдалды" деген партияларга кайрылды
Канча бюллетень жараксыз чыкканы белгилүү болду. Жыйынтыкка таасир этеби?