Дүйшөмбүдө мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдор тайгак болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурундагы жолдогу унаалар. Архив
Кар учурундагы жолдогу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет жолдор тоңуп, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралышы мүмкүндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эртең Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар түшүп, ал эми бир катар аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт. Бишкекте күн —5…-7 градустан төмөн болот. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматы кабарлады. 

Бишкек шаарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетет.

"Бишкекте түнкүсүн —5…-7, күндүз —1…-3 градус суук болот. Ош шаарында түнкүсүн —3…-5, ал эми күндүз —1…-3 градус суук болушу күтүлөт", — деп айтылат таратылган маалыматта. 

Кыргызгидромет зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңуп, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0