Жаңы жылда Бишкекте кар жаап, суук болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония зажжения главной новогодней елки на площади Ала-Тоо
Церемония зажжения главной новогодней елки на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл күнү Бишкекте кардын жааш ыктымалдыгы 70 пайызды түзөт.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жаңы жыл алдындагы жана жаңы жыл күнү аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет жарыялады.

Кыргызгидрометтин метеорологиялык божомол бөлүмүнүн жетекчиси Махбуба Касымова жаңы жылга чейин Бишкек шаарына үч жолу кар жаай турганын билдирди.

22-декабрда борбор калаада жааган кар эки күнгө созулат. 27-декабрда дагы кар жаайт. Ал дагы бери болгондо эле эки күнгө созулат.

"Кар көп деле жаабайт, өзүнүн нормасында сакталат. Бул да болсо жаңы жыл алдындагы маанайды көтөрөт. Ошол эле учурда суук болуп, түнкүсүн 10 градустан 15 градуска чейин суук болот. Күндүз болсо 5 градус 8 градуска чейин суук болот. 29-декабрдан тарта күн жылый баштайт. Күндүз 2 градус жылуу болсо, түнкүсүн 7 градуска чейин суук болот. Мындай температура Жаңы жылга чейин сакталат", — деди Касымова.

Ал ошондой эле 31-декабрда кардын жааш ыктымалдыгы 70 пайыз экенин кошумчалады. 29, 30, 31-декабрда Бишкек шаарын ала булут каптап турат.

Бишкекте өтө турган жаңы жылдык иш-чаралардын программасын Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0