Кычыраган кыш чилде 8-январда түшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПервые картинки настоящей зимы в Бишкеке
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чилде 40 күнгө созулуп, 18-февралда чыгат.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кырк күнгө созулган кыш чилде 8-январда түшүп, 18-февралда чыгарын ай-күн календарынын түзүүчүсү Төрөн Жумаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал ошондой эле 21-декабрдан 22-декабрга караган түн эң узун түн экенин кошумчалады.

"Күндүн эң кыска болгон учуру 22-декабрга туура келет. Күн узарбай дагы, кыскарбай дагы жети күн токтоп турат. 1-январдан тарта күн акырындык менен узара баштайт", — деди Жумаев.

Анын айтымында, 90 күнгө созулган "токсон" мезгили 13-декабрда башталат. "Токсон" түшкөн соң 25 күндөн кийин 40 күнгө созулган кыш чилде болот. Кыш чилде 8-январь менен 18-февралдын ортосуна туш келет. 18-февралдан кийин дагы 25 күндөн соң 90 күнгө созулган "токсон" мезгили аяктайт. Башкача айтканда, ал 13-мартта бүтөт.

Кыш чилденин алты жандоочусу — "Кырдач", "Адынын алты уулу", "Жетинин жети уулу", "Каңтар", "Үт", "Апкыт-сапкыт алты күн" тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0