Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

Жазылуу
Министрлик өзгөчө кырдаалдар жаралган учурларда акысыз номуру 112 аркылуу байланышууга чакырат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы жылдык майрамга карата күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, мындай буйрукка ӨКМ министри Кубатбек Боронов кол койгон.

"31-декабрь күнү ӨКМдин өрт өчүрүү кызматынын 800 кызматкери күзөттө турат. Ошондой эле 160 атайын техника тартылат", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик өзгөчө кырдаалдар жаралган учурларда акысыз 112 номуру аркылуу байланышууга чакырат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0