Кыргызстанда салык декларациясын кабыл алуу башталды

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСалык декларациясын толтуруп жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Салык декларациясын толтуруп жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампанияны баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, кампания жыл башынан тарта эки этапта өтөт. 

"1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек", — деп айтылат маалыматта. 

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0