Карызы бардын ырысы жок. Чет жакка чыгарбоо сунушунун оош-кыйышы

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары салык карызы бар жарандарды чет өлкөгө чыгарбоо сунушун көтөрүп чыгышты. Аталган маселенин күңгөй-тескейи төмөнкү макалада.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары салык төлөбөгөн адамдарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салган мыйзам долбоорун жазып, коомдук талкууга алып чыгышты.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
2017-жылдын бюджетинин долбоору: акча табуу, карызга алуу, насыя берүү
Демилгечилердин айтымында, мыйзам ишке ашса карыздар кыскарып, бюджет кирешеси жогорулайт. Мындан сырткары, салыктан качкандарга бир топ чектөөлөр коюлат.

"Карызынан кутулмайынча ал адамга жеке иштери менен чет өлкөгө чыгууга жана кызматтык командировкага барууга тыюу салынат. Мындан тышкары, карызы барларга кыймылсыз мүлк же унаа сатып алууга тыюу салынып, ишмердүүлүк үчүн лицензия же уруксат берилбейт", — деп жазылат мыйзам долбоордо.

Ошентип чет жакка чыга турган жарандар же мүлкүн каттай тургандар салык карызы жок экендигин далилдеген маалымкат тапшырышы керек. 

Демилгечилердин бири, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров мыйзам долбоору эмне максатты көздөй тургандыгын түшүндүрүп берди.

"Учурда салык кызматы казынаны толтура албай убара тартууда. Негизи салык төлөбөгөндөрдүн катарын жеке адамдар толуктап келет. Жарандар төлөй турган салыктын түрлөрү аз эле. Буга чейин алимент төлөбөгөндөрдү чек арадан өткөрбөө боюнча сунуштар айтылып, учурда колдоо таап жатат. Биз да ушундай сунуш айттык", — деди Бакиров.

Ал мыйзам долбоорунун арты менен Салык, Бажы жана Чек ара кызматтары тыгыз иштеп, салык чогултуу кыйла жеңилдей тургандыгын кошумчалады.

Начальник Управления государственного долга Минфин КР Бакыт Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бакыт Сыдыков: быйыл мамлекеттик карызды төлөөдөн 600 млн. сом үнөмдөлдү
Экономика боюнча серепчи Айылчы Сарыбаев демилгени колдой тургандыгын айтты.

"Салык деген ыйык нерсе. Салыктын арты менен мамлекетибиз алдыга жылат. Анан аны төлөбөй баарыбыз качып жүрө берсек болмок беле. Бизнесмени болобу, башкасы болобу салык төлөп, анан ишин кылсын", — деди Сарыбаев.

КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева демилге жакшы экендигин, бирок бюрократияга алып келиши мүмкүндүгүн билдирди.

"Негизи мыйзам долбоору жакшы. Салыктан качкан туура эмес да. Бирок чет жакка чыккан ар бир жаран салыктан карызы жоктугу тууралуу маалымат көрсөтүшү керек деген жери элди кыйнап, бюрократияга жем ташташы мүмкүн. Ушул жагдайды жакшылап карап көрүү керек", — деди депутат.

Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков демилге ишке ашса, чоң пайда болооруна токтолду.

"Биз буга чейин эле аталган демилгени сунуштаганбыз. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө аталган сунуш иштеп келет. Анализ кылып көрсөк, салык карызы көп бир топ адамдар чет өлкөгө чыгып кетишкен. Эми алардан салык өндүрүү реалдуу эмес. Эгерде жарыкка акча төлөбөсөк аны өчүрүп салышат да. Ушул сыяктуу эле, салык төлөбөгөндөрдү да чектөө керек. Болбосо чет өлкөгө чыгып кеткен адамдардын карызы өндүрүлбөй калууда", — деди Сазыков. 

Экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов салык төлөбөгөндөрдүн электрондук тизмесин түзүү керек деген ойдо.

"Көп убакта 3-4 мамлекет менен иштешкен бизнесмендер салык төлөбөй качып кетишет. Демилге ишке ашса ошого окшогондор салыгын төлөмөк. Ал эми карапайым калкка кыйынчылык жаралбашы үчүн электрондук кызматтарды ишке киргизүү керек. Ошондо аларга жеңил болот", — деди Идинов.

Жеке ишкер Ильяз Бектенов мыйзам долбоору ишкердикке тоскоолдук жаратышы мүмкүн деген ойдо.

Дордой базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Дордойдогу" контейнерлер эмне үчүн жабылып жатканын өкмөт түшүндүрдү
"Ишкердик менен алектенгендер ачык акционердик уюмдарды түзүп, кээде жеке ишкер катары катталууга туура (ЧП) келет. Анан дайыма эле салык төлөгөнгө мүмкүнчүлүк боло бербейт да. Мисалы, мен Кытайга көп каттайм. Анан салыктан карызым бар үчүн чектөө койгону туура эмес. Салыкты жеңилдетүүнүн ордуна кысым кылган болбойт", — деди ишкер.

Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата салык төлөбөгөн ишканалардын тизмегин жарыялады. Маалыматка ылайык, жалпы жонунан 316 миллион 730 миң 100 сом салык төлөнгөн эмес. Алардын катарында карызын төлөбөй чет өлкөгө чыгып кеткендер да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0