Башкы прокуратура соцтармактардагы "өлүм топторун" жаап салууга уруксат алды

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Instagram пользователей с "группы смерти" хештегами "море китов", "тихий дом", "хочу в игру", "разбуди меня в 4.20"
Снимок с социальной сети Instagram пользователей с группы смерти хештегами море китов, тихий дом, хочу в игру, разбуди меня в 4.20 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Башкы прокуратурага социалдык тармактардагы өспүрүмдөрдү өлүмгө үндөгөн топторду жаап салууга уруксат берди.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. КРдин Башкы прокуратурасы социалдык тармактардагы "өлүм топторун" жаап салууга уруксат алганын көзөмөл органдын маалымат кызматынан билдиришти.

Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
5-кабаттан секирген окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
Буга чейин Башкы прокуратура айрым сайттарда жарыяланган маалыматтарды таратууга тыюу салынышын таанып берүү арызын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жолдогон. Прокурорлор бул демилгесин өспүрүмдөрдү социалдык тармактардагы терс таасирин тийгизген маалыматтардан оолак кармоо максаты менен байланыштырышкан. Бүгүн сот аталган арызды канааттандырды.

Маалыматка караганда, эми социалдык тармактарда "өмүм топторуна" байланыштуу билдирүүлөр расмий түрдө мыйзамсыз болуп эсептелет.

"Соттун чечимин өлкө ичинде жана анын сыртында ишке ашыруу милдети Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине жүктөлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын жашы жете электердин маалыматтык коопсуздугун жана укуктарын коргоо боюнча иштери мындан ары да улантылаары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0