Фермерлерге берилчү насыянын төлөө мөөнөтү үч жылга узартылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТүшүм жыйноо. Архив
Түшүм жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечим насыялоо шартын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. "Айыл чарбаны каржылоо — 5" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чечим насыялоо шартын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Ага ылайык аны төлөө мөөнөтү:

  • "мал чарбачылык" тармагы үчүн – 18ден 36 айга чейин;
  • "өсүмдүк өстүрүү" тармагы үчүн – 24төн 36 айга чейин узартылмакчы.

Мечеть в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Шарият жарандык кодекске кире баштады. Жөнү барбы?
Киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасында жеңилдетилген насыяны 36 айга дейре төлөө мүмкүндүгү өлкөнүн – "мал чарбачылык", "өсүмдүк өстүрүү", "айыл чарба продукциясын иштетүү жана кайра иштетүү", ошондой эле экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү тармактарында эмгектенген айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө берилет.

Ал эми "айыл чарба продукциясын иштетүү жана кайра иштетүү", ошондой эле экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү тармактары үчүн мөөнөт мурдагыдай эле үч жыл боюнча калды.

2016-жылы бардык үч тармак үчүн 10 пайыз өлчөмүндөгү бирдей үстөк каралган, быйыл айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагы үчүн 6 пайызга чейин төмөндөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0