БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети сот тарабынан террористтик уюм деп табылган тараптардын тизмесин түзүп, расмий жарыялоону сунуштап жатат.
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү долбоор коомдук талкууга, коюлду.
Ага ылайы, УКМК тарабынан соттор террористтик уюм деп табылгандардын (алардын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүгү жана эл аралык уюмдар бар) тизмеги түзүлөт. Андан соң тизме жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан жарыяланат.