БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы унааларды каттоодон өткөрө турган сыноо лабораториялары жеке адамдарга тиешелүү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында Экономика министрлигинин техникалык регламент жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматов билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин унаа ээлери автоунааны каттоодо киргизилип жаткан жаңы эрежелеге тынчсыздануусун билдиришкен. Эми өлкөгө сырттан кирген унаалардын коопсуздугу тууралуу күбөлүк атайын сыноо лабораторияларынан (диагностикалык борборлор) өткөн соң гана берилет. Өкмөт аларды бир айдан кийин ачууга сөз берди.
"Аталган лабораториялардын азыр 80 пайызы даяр болуп калды. Жакында алар аккредитациядан өтүп бүтөт. Алар Бишкекте жана башка аймактарда иштеп, кызматтары мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп турууга тийиш. Лабораторияларды жеке менчик компаниялар иштетет. Алардын аталышын азырынча лаборатория катары аккредитациядан өтмөйүнчө ачык айта албайм", — деди Ахматов.
Мындан сырткары, Ахматов унааларды каттоодогу жаңы эрежелер Кыргызстанга киргизилип жаткан унаалар менен тамак-аш продукциясынын сапатын жакшыртуу үчүн кабыл алынганын кошумчалады.