Кыргызстанда баш кошкондорго караганда ажырашкандар көбөйдү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖаш жубайлар. Архив
Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы акыркы эки жылда нике күбөлүгүн алгандар боюнча маалымат жарыялады.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу ажырашкандардын саны артып, баш кошкондор азайганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

2016-жылы 159 миң 600 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бул 2015-жылга караганда 5 миңге кем. Ал эми баш кошкон жубайларга 49 миң нике күбөлүгү берилип, бул мурдагы жылкыга караганда 3 миңге аз экени аныкталды. Былтыр 9 миңден ашык жубай ажырашкан. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 1,4 миңге көп көрсөткүч.

Жаңылыктар түрмөгү
0