Аба ырайы: эртең өлкөдө күн ачык болот

Жазылуу
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй тургандыгын Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Сотрудник пресс-службы МЧС КР Элмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шерипова: февралдын он күнүндө бир айлык нормадагы кар жаады
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн —4…-9, күндүз 3…8 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн —10…-15, күндүз 7 градуска чейин жылыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн —3…-8, күндүз 3…8 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн —7…-12, күндүз 5 градус жылуу болсо Нарында түнкүсүн —20…-25, күндүз —7…-12 градуска чейин суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0